БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Көчмөндөрдүн дүйнөлүк үчүнчү оюндарынын жабылыш аземине алыскы жана жакынкы чет мамлекеттен ырчылар келет. Бул тууралуу Көчмөндөр оюндарынын катчылыгынын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.
Ага ылайык, жабылыш аземине Германиянын Чыңгыз хан тобу, франциялык ырчы Мурад Бурауи, Эквадордон Лео Рохас, россиялык "Корни" тобу, Румыниядан "Аксент" тобу, өзбекстандык ырчы Озода Нурзаидова, Казакстандан Жанар Дугалова жана Кыргызстандан Гүлнур Сатылганова, Мирбек Атабеков баштаган бир катар ырчылар катышат.Салтанаттын билеттери Кыргыз почтасы ишканасынын Бишкек, Ош жана Чолпон-Ата шаарларындагы бөлүмдөрүндө сатылып жатат. Билеттин баасы 350 сомдон 3800 сомго чейин сатылып жатат.
Эске салсак, жабылыш аземи 8-сентябрда саат 20:00дө Чолпон-Атадагы ат майданда өтөт. Көчмөндөрдүн дүйнөлүк үчүнчү оюндары 2-сентябрда башталып, ага 70 мамлекеттен 1918 спортчу келип, спорттун 37 түрү боюнча күч сынашты.
Эл көптөн күткөн Лас-Вегастагы UFC 259 турнири жыйынтыкталды. Кеченин башкы беттешинде польшалык Ян Блахович жаңы зеландиялык Исраэль Адесаньяны утуп, наамын коргоп калды. Адесанья биринчи жолу утулду (20:1).
UFC чемпиону Петр Ян наамын коргогон кармашта атаандашына тыюу салынган соккуну колдонгону үчүн беттештен четтетилип, ордуна америкалык Алджамейн Стерлинг чемпион болду.
Спорттук кечедеги дагы башка кызыктуу учурларды видеодон көрүңүз.
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. UFC чемпиону Петр Ян наамын коргогон кармашта атаандашына тыюу салынган соккуну колдонгону үчүн беттештен четтетилди.
Aljamain Sterling is the NEW UFC Bantamweight Champion after this illegal knee disqualified Petr Yan #UFC259pic.twitter.com/lQ6ITgu9ip
— Spinnin Backfist (@SpinninBackfist) March 7, 2021
Ян Лас-Вегаста өткөн UFC 259 турниринин алкагында америкалык Алджамейн Стерлинг менен кармашкан.
That is it. #UFC259 pic.twitter.com/xEyNYSkl9C
— UFC (@ufc) March 7, 2021
Россиялык спортчу төртүнчү раундда кокусунан каршылашын тизеси менен башка тээп алган. Стерлинг нокаутка кетип, ага дарыгерлер жардамга келген. Рефери кармашты токтотуп, Янды беттештен четтеткен. Муну менен америкалык атлет жаңы чемпион аталды.
Due to an intentional foul, @FunkMasterMMA is the new bantamweight champion. #UFC259 pic.twitter.com/AlNLboFIlr
— UFC (@ufc) March 7, 2021
Стерлинг жеңүүчү аталып жатканда ыйлап, белине тагылган UFC уюмунун чемпиондук курун чечип салган. Маек учурунда мындай жол менен чемпион болууну каалаган эместигин айткан.