Россиянын ТИМи Вышинскийдин саламаттыгына тынчсызданууда

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүРассмотрение апелляции по делу журналиста К. Вышинского
Рассмотрение апелляции по делу журналиста К. Вышинского - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сот Вышинскийдин абактагы мөөнөтүн 4-ноябрга чейин узартты.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Россиянын Тышкы иштер министрлиги РИА Новости Украина порталынын башчысы Кирилл Вышинскийдин саламаттыгы начарлап жатканына тынчсызданууда. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Росссия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захаровага таянуу менен билдирди.

"Кирил Вышинскийдин ден соолугунун начарлап жатышы кабатырлантат. Анткени ал сот залынан жүрөгү кармап тезинен ооруканага жаткырылды. Ага кармалып турган жайда жогорку квалификациялуу медициналык жардам берүүдөн баш тартышууда", — деди Захарова.

Ал ошондой эле ТИМ Вышинскийди тез аранын ичинде бошотууну, ага чейин анын шарты жакшы жерде кармоону талап кылып жатканын кошумчалады.

РИА Новости порталынын Украинадагы жетекчиси Кирилл Вышинский - Sputnik Кыргызстан
Абийир туткуну. Киселев ооруканага түшкөн Вышинский тууралуу айтты

Вышинский 100 күндөн бери абакта. Ал өзүн-өзү республика деп атап алган Донбассты колдоду жана мамлекетке кыянаттык кылды деп айыпталууда. Ал Украинанын жараны болгонун жүйө келтиришип Россиянын консулдук кызматынын өкүлдөрү менен жолуктурбай жатат. Россиянын Тышкы иштер министрлиги расмий Киевдин бул кадамын РИА Новости Украина порталына болгон өзүм билемдик мамиле деп баалайт. Тышкы иштер министри Сергей Лавров бул аракетти акылга сыйбаган иш деп айткан. Россиянын элчилиги Украинанын Тышкы иштер министрлигине ЖМК өкүлдөрүнө карата кордукту токтотууну талап кылып эки нота жөнөткөн.

ЕККУнун Сөз эркиндиги маселеси боюнча өкүлү Арлем Дезир украин бийлигинин РИА Новости Украина порталына жасап жаткан кадамы олуттуу тынчсызданууга негиз берерин айткан. Ал Хельсинки келишиминин жыйынтыктоочу актында ЕККУга мүчө мамлекеттер журналисттин башка мамлекетте иштөөсүнө шарт түзүп берүү милдетин алганын эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0