Дүйнөдөгү эң узак жашаган жубайлар Гиннесстин рекорддор китебине кирди

© REUTERS / KWIYEON HAЯпониялык Масао Матсумото менен аялы Мияко дүйнөдөгү эң узак бирге жашаган жубайлар деп аталышты
Япониялык Масао Матсумото менен аялы Мияко дүйнөдөгү эң узак бирге жашаган жубайлар деп аталышты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жубайлар 1937-жылдын октябрь айында, тагыраагы 81 жыл мурун үйлөнүшкөн. Учурда Матсумото 108 жашта болсо, байбичеси 100гө чыккан.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Япониялык Масао Матсумото менен аялы Мияко дүйнөдөгү эң узак бирге жашаган жубайлар деп аталышты. Бул тууралуу Sputnik Азербайжан жазды.

Диванда отурган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
40тан ашып баратам, өзүм үчүн төрөп алсамбы… Аял кишинин толгонуусу
Жубайлар 1937-жылдын октябрь айында, тагыраагы 81 жыл мурун үйлөнүшкөн. Учурда Матсумото 108 жашта болсо, аялы 100гө чыккан.

Баарынан да кызыгы түгөйлөр ушуга чейин үлпөт тоюн өткөрүшкөн эмес. Экөө жаңы баш кошкондо Матсумото согушка кетип, кайра келгенде түгөйлөр бактылуу экенин айтып, той өткөрбөй эле коюну чечишкен.

Алардын балдары, неберелери да көп. Эң акыркы 25-небереси ушул жылдын август айында төрөлгөн. Матсумото менен Мияко дүйнөдөгү эң узак бирге жашаган жубайлар деп аталып, Гинесстин рекорддор китебине кирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0