Түндө Абхаз өкмөт башчысы капилет көз жумду. Ал кабылган автокырсыктан кийинки видео

© Sputnik / Томас Тхайцук / Медиабанкка өтүүАбхазиянын премьер-министри Геннадий Гагулия. Архив
Абхазиянын премьер-министри Геннадий Гагулия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөттүк кортеж Сочи аэропортунан Абхазияга бара жаткан.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Абхазиянын премьер-министри Геннадий Гагулия 9-сентябрга караган түнү жол кырсыкка кабылып, ооруканада үзүлдү. Бул тууралуу Абхазия өкмөтүнүн маалымат кызматына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Маалыматка карганда, өкмөттүк кортеж Сочи аэропортунан Абхазияга бет алган.

"Өкмөт башчы бара жаткан унаа ВАЗ үлгүсүндөгү авто менен сүзүшүптүр. Бардыгы үч киши жабыркап, оорукага жеткирилген. Алардын ичинен Геннадий Гагулия көз жумду", — деп айтылат макалада.

Өлкөнүн Ички иштер министрлиги ВАЗды башкарып келе жаткан жарандын канынан баңги зат табылганын билдирди.

Ал эми Sputnik Абхазия агенттиги өкмөт башчы каза тапкан жол кырсыгынан кийин жеринде тартылган алгачкы видеону жарыялады.

Кадрлардын  эки унаа тең талкаланып калганын көрүүгө болот.

Сенатор США Джон Маккейн - Sputnik Кыргызстан
Америкалык сенатор Жон Маккейн көз жумду
Белгилей кетсек, Геннадий Гагулия жакында күндөрү Сирияга расмий сапары менен барып келген. Мындан улам, өлкөнүн президентинин маалымат кызматынан премьер-министрдин өлүмүн атайын кол салуу же террор эместигин айтып, "жөн гана кырсык" деп баа беришти.

Гагулия өкмөттү 2018-жылдын апрель айынан бери жетектеп келе жаткан. Бирок ал буга чейин ал 1995-1997 жана 2002-2003-жылдар аралыгында премьер-министр болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0