Түштүк Суданда учак кулап, 21 адам көз жумду

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүУчак. Архив
Учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аман калган үч жүргүнчүнүн бири алты жашар бала экени айтылды.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Түштүк Суданда жүргүнчү ташыган учак сууга кулап түшүп, 21 адам каза тапты. Бул тууралуу Ассошиэйтед Пресс агенттигине шилтеме берип РИА Новости агенттиги жазды.

Маалыматка карганда, 19 орундуу учак Түштүк Судандын борбору Жуба шаарынан учуп келе жаткан.

"Кырсыктан үч адам аман калды. Алардын бири алты жашар бала",  — деп айтылат макалада.

Маалыматта аба кемесинде бардыгы канча адам болгону белгисиз экендигин айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0