Молдованын президенти жол кырсыгына кабылып, ооруканага түштү

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүМолдованын өлкө башчысы Игорь Додон. Архив
Молдованын өлкө башчысы Игорь Додон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент бара жаткан унаа жүк ташуучу авто менен кагышкан.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Молдованын өлкө башчысы Игорь Додон жол кырсыгына кабылып, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Publika.md телеканалына шилтеме берип РИА Новости агенттиги жазды.

Президенттин кортежи Страшены шаарынан Калараш калаасына бара жаткан жеринен кырсыктаган.

"Алдын ала маалыматтарга караганда, президент бара жаткан унаа жүк ташуучу авто менен кагышып, көлүктөрдүн бири ала салып кеткен. Полиция кырсык болгонун тастыктап, бирок окуянын чоо-жайын айтуудан баш тартты" — деп жазылат макалада.

Эске салсак, бул акыркы суткада өлкөнүн биринчи адамдарынын катыштыгы менен болгон биринчи жол кырсыгы эмес. Жекшембиге караган түнү Абхазиянын премьер-министри Геннадий Гагулия унаа кырсыгынан көз жумган.

Жаңылыктар түрмөгү
0