Кыргыз депутатка жеңилип калган Монсон РФте эл өкүлү болду

Жазылуу
Америкалык спортчу быйылтан тарта Россиянын жараны болуп калды.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Америкалык спортчу, MMA мушкери, жиу-житсу жана грэпплинг боюнча дүйнөнүн көп жолку чемпиону Жефф Монсон Красногорск шаарынын мамлекеттик думасынын депутаты болду. Бул туурасында Р-Спорт билдирген. 

Замир Сыргабаев: Монсон менен болгон беттештен кийин спорттук карьерамды аяктадым
Америкалык спортчу быйылтадан тарта Россиянын жараны болуп эсептеле баштады. Ал 12-июнда орус паспортун алган. Ал Россияда саясий карьерасын баштоого ниеттенип жаткандыгын айтып, Красногорск парламентин мелжеген. Спортчу кийинки максаты — РФтин Мамлекеттик думасына депутат болуу экендигин билдирген. Азыркы ордуна мушкердин талапкерлигин "Единая Россия" көрсөткөн. 

Монсон кыргызстандыктарга 2015-жылы Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты Замирбек Сыргабаев менен беттешип, жеңилип калгандан кийин катуу таанылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0