Батышка багынбаган Башар Асад. Президент тууралуу 10 факты

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүРабочая встреча президента РФ В. Путина с президентом Сирии Б. Асадом
Рабочая встреча президента РФ В. Путина с президентом Сирии Б. Асадом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Сирия Араб Республикасынын президенти Башар Асаддын туулган күнү. Ушу тапта дүйнөдө 53 жаштагы саясатчынын ишмердүүлүгү кызуу талкууланып жаткан учур.

Сирияда бүгүнкү күндө 2011-жылдан бери жарандык согуш жүрүп келет. Эч жактан баш паанек издебей эли менен чогуу кыйын кезеңди башынан кечирип жаткан лидер Башар Асад тууралуу колумнист Алмаз Батилов кызыктуу фактыларды даярдады.

Башар Асаддын теги. Башар Хафез аль-Асад 1965-жылы 11-сентябрда Сириянын борбору Дамаскиде төрөлгөн. Анын теги Сирияда диний азчылыкты түзгөн алавит агымынан. Айрым илимпоздордун пикиринде алавизм христиан менен мусулманчылыкка чейинки дин. Ал исламдын ортосунан чыккан. 20-кылымга чейин өлкөдө көпчүлүктү түзгөн сунниттер алавиттерди адам катары көрчү эмес. Бирок 1920-жылы Франция Сирияны басып алгандан кийин алавиттер баскынчылар менен тил табышып, кызматташа баштаган. Мунун натыйжасында алар сириялык армиянын пайдубалын түзөт. Сирия эгемендүүлүккө жеткен соң алавиттердин жылдызы жанат. 1971-жылы Хафез Асаддын бийликке келишинен пайдаланып, алавиттер мамлекетте негизги күчтөрдүн бирине айланган. 

© AFP1985-жылы тартылган сүрөт. Сирия президенти Хафез аль-Асад жубайы Анисса Махлуф менен. Жубайлардын артында 1960-жылкы кызы Бушра, 1967-жылкы Майд, 32 жашында каза болгон Бассель, 1965-жылкы Башар жана 1968-жылкы Махер.
Cирийский президент Хафез аль-Асад и его жена Анисса Махлуф - Sputnik Кыргызстан
1985-жылы тартылган сүрөт. Сирия президенти Хафез аль-Асад жубайы Анисса Махлуф менен. Жубайлардын артында 1960-жылкы кызы Бушра, 1967-жылкы Майд, 32 жашында каза болгон Бассель, 1965-жылкы Башар жана 1968-жылкы Махер.

Ата-энеси. Башардын атасы, өлкөнү 1971-жылдан бери башкарган Хафез Асаддын аракети менен Сирия Жакынкы Чыгышта күчтүү мамлекетке айланат. Араб мамлекеттеринин ичинен Израилдин эң коркунучтуу душманы эле. Анын үстүнө Дамаск СССРдин Жакынкы Чыгыштагы ишеничтүү өнөктөшү болчу. Ошондуктан Хафез Асаддын Токмок шаарында жайгашкан аскердик учкучтарды даярдаган окуу жайында окуганы таң калычтуу эмес. Сириянын светтик мамлекет курганы диний радикалдарга жаккан жок. Андан тышкары, Хафездин Иран менен тил табышып өнөктөш болгону башка араб мамлекеттеринин кыжырын келтирген. Асаддын энеси Анисе Махлуфтун да теги алавит, ал өмүр бою балдарды тарбиялоо менен алек болгон.

Бүлөсү. 2001-жылы Башар Асма Фаваз аль-Ахраска үйлөнөт. Асаддын жубайы Асма 1975-жылы 11-августта Лондондо төрөлгөн. Анын теги Хомс шаарындагы таасирдүү суннит тайпасынан. Асма Англиянын борборундагы орто мектепти бүтүп Лондон университетинин падышалык колледжинин компьютердик технология жана француз адабияты боюнча адистигине тапшырат. Бул окуу жайды Асма артыкчылык менен аяктаган. Асма эл арасында бат эле кадыр-баркка ээ болот. Карапайым калкка анын жөнөкөйлүүгү менен боорукерлиги абдан жагат. Ошол эле учурда Асманын сулуулугу менен тунук акылына суктанган батыш басылмалар аны "Чөл гүлү" деп аташкан. 

© AFP / MIGUEL MEDINAАсаддын жубайы Асма Фаваз аль-Ахрас 1975-жылы 11-августта Лондондо төрөлгөн. Экөө 2001-жылы баш кошушкан.
Сирийский президент Башар аль-Асад и его жена Асма  - Sputnik Кыргызстан
Асаддын жубайы Асма Фаваз аль-Ахрас 1975-жылы 11-августта Лондондо төрөлгөн. Экөө 2001-жылы баш кошушкан.

Билимге карай жол. Башар Дамаскинин "Хуррия" лицейинде окуп, бир нече тил үйрөнөт. Мектепти бүткөн соң Дамаскинин медицина университетинин офтальмология факультетинине тапшырып, аны кызыл диплом менен аяктайт. Андан кийин Дамаскинин конушундагы аскер ооруканасында дарыгер болуп иштей баштайт. 1991-жылы Башар Лондонго офтальмологиялык борборго тажрыйба алмашууга кетет. 

Күтүүсүз мураскер. 1994-жылы мураскор Басиль Асад автокырсыкка кабылып каза болот да, Башар Лондондон кайтып келүүгө аргасыз болот. Ошентип Хафез Башарды мураскорлукка даярдай баштайт. Хомс шаарындагы аскер академиясына өткөн мураскер такшалган генералдардан сабак алат. Башар атасынын кеңешчиси болуп дайындалып, мамлекеттин ички иштерине активдүү аралаша баштайт.

Башардын эл оозуна алынышы. Асад өкмөттүн курамындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетти жетектеп, паракорчулукка каршы күрөш жүргүзөт. Ошол эле учурда ал өлкөгө интернет менен уюлдук байланышты алып келген. Дал ушул аракеттердин натыйжасында элдин арасында Башардын кадыр-баркы абдан көтөрүлөт. 2000-жылы атасы Хафез каза болгондон кийин аны сириялыктар бир добуштан колдойт. Атүгүл шайлоочулардын көпчүлүгү президенттик шайлоодо бюллетендерге каны менен кол койгонун чет элдик журналисттер жазып чыккан.

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүСирия менен Россия президенттери Башар Асад жана Владимир Путин Кремлдеги жолугушууда. 2006-жыл
Президенты Сирии и России Башар Асад и Владимир Путин  - Sputnik Кыргызстан
Сирия менен Россия президенттери Башар Асад жана Владимир Путин Кремлдеги жолугушууда. 2006-жыл

Президенттик так. Бийликке келген Башар Асад өлкөнүн саясий турмушун кыйла өзгөртөт. 600 саясий туткунду түрмөдөн бошотуп, көз карандысыз саясий партия түзүүгө, телеканал жана басылмаларды ачууга уруксат берет. Андан сырткары, жеке банктар менен биржалык фонд жана университеттерди ачканга жардам берет. Ошол эле учурда Асад Батыш менен мамиле түзүүгө аракет кылган. Америкалык журналист Сеймур Херштин маалыматы боюнча, 2001-жылы 11-сентябрда АКШга террорчулар жасаган чабуулдан кийин Асад Вашингтондун чалгын кызматына радикалдуу көз караштагы жихадчылар жөнүндө миңдеген баа жеткис материалды өткөрүп берген. Николя Саркози, Тайып Эрдоган жана АКШнын саясатчылары Асаддын үй-бүлөсү менен жакын мамиле түзүүгө умтулушкан. Ошол эле маалда Башар СССР урагандан кийин Кремль менен солгундап калган байланышты жандандырууга аракеттенди. 2008-жылы Асад Сирия Россия, Казакстан жана Белоруссия менен бирдиктүү экономикалык мейкиндикте тыгыз кызматташууга даяр деп жар салды. 2007-жылы Асад президенттик кызмат үчүн кайрадан талапкерлегин көрсөтүп, аны карапайым калк бир добуштан колдоп берди. 

Араб жазы. 2011-жылы башталган "Араб жазы" Сирияга терс таасирин тийгизет. Өлкөнүн ичинде өкмөткө каршы нааразылык акциялар жүрө баштайт. Бул акцияларды оппозиция өз нугуна бурганга умтулат. Алардын башкы талабы мамлекетте саясий реформаларды жүргүзүү болчу. Башар ага макул болуп өкмөттү отставкага жөнөтүп, саясий реформа жүргүзгөнгө аракет кылат. Буга карабастан оппозиция нааразылыгын күчөтүп, Асад аларга каршы аскер колдонот да ортодо кан төгүлөт. Оппозиция биригип, Башарга каршы согуш ачат. Ошентип өлкөдө жарандык согуштун оту тутанган. Мурда Асадды Жакынкы Чыгышта эң адилеттүү мамлекет башчы деп сыпаттаган АКШ, Түркия жана Батыш саясатчылары анын бийликтен кетүүсүн талап кылды. Алардын айтымында, Башар залим, кан ичер болуп чыга келди. АКШ, Франция, Улуу Британия, Сауд Аравия, Катар жана Түркия оппозицияны курал менен камсыз кылып, каржылай баштайт. Ал эми Сириянын лидерине Россия, Кытай, Иран жана ливандык "Хезболла" шиит кыймылы көмөк көрсөтөт. 

© Sputnik / Павел Давыдов / Медиабанкка өтүүБашар Асадды колдоочулардын акциясы
Манифестация в центре Дамаска - Sputnik Кыргызстан
Башар Асадды колдоочулардын акциясы

Согуштун себептери. 2016-жылы АКШнын белгилүү радио алып баруучу, адвокат жана жазуучу Роберт Кеннеди америкалык "Politico" журналына Сириядагы жарандык согуш тууралуу маек курган. Анын айтымында, Вашингтон Асадга каршы 2009-жылдан тарта согуш баштаган. Ошол жылы АКШнын Жакынкы Чыгыштагы эң жакын өнөктөшү Катар Евробиримдикке Сауд Аравия, Иордания, Сирия жана Түркия аркылуу газ түтүгүн өткөрүү тууралуу долбоор сунуштайт. Ага Асад кол койгондон баш тартат. Себеби бул долбоор ишке ашса, анда Перс булуңундагы суннит агымын карманган араб падышалыктары дүйнө жүзүндөгү газ рыногунда үстөмдүгүн орнотуп, Түркия орус газына болгон муктаждыктан кутулмак. Америкалык кесиптешибиздин пикиринде Башар Россия менен Сириянын кызыкчылыгын коргоп, Ирандын Евробиримдикке Ливан аркылуу газ түтүгүн өткөрүү долбоорун колдойт. Кеннеди Башар Асад дал ушул кадамы үчүн аталган өлкөлөрдүн каарына калганын баса белгилейт.

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүСирия армиясындагы ыктыярчынын формасына президент башар Асаддын сүрөтү тигилген.
Обучение добровольцев сирийской армии в пригороде Дамаска - Sputnik Кыргызстан
Сирия армиясындагы ыктыярчынын формасына президент башар Асаддын сүрөтү тигилген.

Кандуу жылдар. Асад менен алавиттерге каршы ыйык согуш жүргүзөбүз деген жалган ураанды жамынып, Сирияга бүт дүйнө жүзүнөн ар түрдүү диний радикалдар агылып келет. Бул согушкерлер "Ислам мамлекети" деп аталган террордук уюмдун катарына кошулуп, Сириянын элин болуп көрбөгөндөй мыкаачылык менен өлтүрүп, кордук көрсөтөт. Сирия бул жарандык согушта өзүнүн мамлекетин жоготуп коё жаздады. Асад жана анын үй-бүлөсү эч жактан баш паанек издебестен эли менен чогуу бардык кыйынчылыкка чыдап туруштук берүүдө. Башар көрөгөчтүк кылып, Россия, Кытай, Иран жана ливандык "Хезболла" шиит кыймылынын көмөгүнө таянып, Сириянын бүтүндүгүн сактап жана диний радикалдарга каршы аёосуз согуш жүргүзүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0