Бразилияда 100дөн ашык киши түрмөдөн качып кетти

© AP Photo / Felipe DanaБразилиядагы абак. Архив
Бразилиядагы абак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бийлик окуянын чоо-жайын иликтеп жатат.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Бразилиянын Параиба штатындагы Жуан-Пессоа шаарындагы түрмөдөн дүйшөмбү күнү жүздөн ашык киши качып кеткенин РИА Новости TN24 телеканалына таянуу менен билдирди.

Тамак салып жаткан абак кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Абактагы Исаков, Артыкбаев жана Сатыбалдиев эмне жейт. Түрмөдөгү тамак-аш
Жергиликтүү бийликтин маалымдашынча, камалып тургандарды качыруу үчүн куралчан кишилер келип, абактын дарбазасын сындырып, кароолчуларды аткылаган. Бир күзөтчүгө ок тийип, абалы оор экени айтылууда.

Учурда качып кеткендердин 55и кармалып, калгандарын издөө иштери жүрүп жатат. Бийлик окуянын чоо-жайын иликтөөдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0