Варшавадагы ЕККУнун жыйыны тажик делегациясынын мушташы менен аяктады

CC BY 4.0 / OSCE/Piotr Dziubak / Совещание Бюро по демократическим институтам и правам человека ОБСЕ
Совещание Бюро по демократическим институтам и правам человека ОБСЕ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңжал тажик оппозициясынын өкүлү Сулаймони Орзу расмий делегациянын мүчөсү менен сүйлөшүп, сүрөткө түшүүгө аракет кылганда чыгып кеткен.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Варшавада адам укугу боюнча өткөн ЕККУнун жыйынында Тажикстан делегациясынын мүчөлөрү менен тажик оппозициясынын тарапташтары ортосунда мушташ чыкты. Бул тууралуу РИА Новости маалымдады.

Жыйын өтүп жаткан имараттын чыга беришинде тажик оппозициясынын өкүлү Сулаймони Орзу Тажикстандан келген расмий делегациянын мүчөсү менен сүйлөшүп, сүрөткө түшүүгө аракет кылган, бирок тиги адам аны чаап, бетине түкүрүп жиберген.

Делегаттардын мушташын отелдин кызматкерлери тез эле токтотушкан. Учурда ЕККУнун адам укугу жана демократиялык институт бюросу кырдаалды карап жатканын айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0