Россиянын муфтийи мамлекеттик органдарды сындады

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүРоссия мусулмандар дин башкармалыгы жана Россиянын муфтийлер кеңешинин төрагасы Равиль Гайнутдин. Архив
Россия мусулмандар дин башкармалыгы жана Россиянын муфтийлер кеңешинин төрагасы Равиль Гайнутдин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Муфтийдин айтымында, экспертизаны ислам адабияты боюнча жакшы түшүнүгү жок адамдар жүргүзүп, кырдаалды курчутуп жатат.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Мамлекеттик органдардын айрым кадамдары экстремисттик уюмдарга шарт түзүп берип койгон учурлар бар. Бул тууралуу Россия мусулмандар дин башкармалыгы жана Россиянын муфтийлер кеңешинин төрагасы Равиль Гайнутдин "Евразиянын дин өкүлдөрү терроризмге каршы" аттуу маалымат жыйын учурунда билдирди. Иш-чара Бишкекте өтүп жатат.

Ал ислам динине каршы маалыматтык согуш учурунда динди коргоп чыккан "кыргыз жана татар элинин уулу Чыңгыз Айтматовдун" аракеттерине баа берди.

"Учурда исламга каршы аракеттер кайрадан күчөп жатат. Мындай учурда биргеликте гана жеңишке жете алабыз. Белгилей кетчү жагдай, мамлекеттик органдардын бир тараптуу аракеттери экстремисттерге жакшы шарттарды түзүп коюп жатат", — деди муфтий.

Ситуация в сирийском городе Алеппо - Sputnik Кыргызстан
"Аль-Каиданын" мурдагы мүчөсү согушкерлердин көңүлсүз жашоосу тууралуу айтты
Анын айтымында, экспертизаны ислам адабияты боюнча жакшы түшүнүгү жок адамдар жүргүзүп, кырдаалды курчутууда.

Ал ошондой эле убагында өлкөлөргө "Кудай жок" деген түшүнүктү киргизүү аракети болгондуктан, нормаларга жооп бербеген адабияттар пайда болгонун, ошондуктан ислам динин бурмалаган басылмалар менен күрөш эксперттик деңгээлде жүрүшү зарылдыгын кошумчалады.

Конференцияга Жибек Жолундагы алты өлкөнүн (Россия, Казакстан, Кытай, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан) өкүлдөрү катышууда. Алардын негизги максаты биргеликте терроризм менен радикалдашууга каршы туруу.

Жаңылыктар түрмөгү
0