Толук аял. Архив

Окумуштуулар ашыкча салмак мээге кандай таасир этерин аныктады

572
(жаңыланган 10:36 15.09.2018)
Тажрыйба адам семирген сайын мээдеги сигналдар жайлап баштаганын көрсөткөн.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Пристон университетинин (АКШ) окумуштуулары ашыкча салмак мээнин активдүүлүгүнө таасир этип, акырындык менен эс-тутумдун начарлашына алып келет. Бул тууралуу Science News басылмасы жазып чыкты.

Мындай бүтүмгө окумуштуулар чычкандарга тажрыйба жүргүзүп көргөндөн кийин келишкен. Кемиргичтерди эки топко бөлүшкөн. Биринчи тайпадагыларды майлуу тамак менен багышса, экинчисин нормага ылайык азыктандырышкан.

Үч айдын ичинде биринчи топтогу чычкандар мурдагыдан 40 пайызга семирип, мээсинин иштөөсү кадыресе басаңдай түшкөн. Мисалы, алар лабиринттен тез чыга албай кыйналышкан.

Мындай өзгөрүүнү окумуштуулар акыл-эске таасир эткен микроглий клеткасынын көбөйүшү менен түшүндүрүштү. Тагыраагы, бул клетка ашыкча салмак кошкон чычкандарда арбын болгон. Натыйжада микроглий мээдеги сигналдарды жайлатып, чычкандарды акырындык менен акылдан тайдыра баштаган.

572
Белгилер:
салмак, чычкан, Окумуштуулар, Америка
Тема боюнча
Уйкуң канбаса, акыл-эстен эрте ажырашың мүмкүн. Окумуштуулардын аныктамасы
Окумуштуулар колду кургата турчу аппараттын зыяндуулугун айтып беришти
Окумуштуулар балдар канткенде жалаң бешке окуй турганын айтышты
Пикирлер