Франциянын канайымы Брижит Макрон сериалга тартылды

© AP Photo / Alessandra TarantinoФранция президенти Эммануэль Макрондун жубайы Брижит. Архив
Франция президенти Эммануэль Макрондун жубайы Брижит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки каармандын алты саны аман болбогону менен абдан тамашакөй бул адамдар кинонун өзөгүн түзгөн.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Франция президенти Эммануэль Макрондун жубайы Брижит ата мекендик сериалга тартылды. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Официальный визит президента Турции Реджепа Тайипа Эрдогана в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Кайнатанын батасын алган келин. Жээнбековдун жубайы Айгүл Токоева жөнүндө 8 факты
Vestiaires деп аталган тасма эфирге 15-сентябрда чыгары айтылды.

Vestiaires — башкы каарманы Роми жана Орсон аттуу майып эки киши болгон кыска метраждуу тасма. Алардын алты саны аман болбогону менен абдан тамашакөй бул кишилер кинонун өзөгүн түзөт.

Брижит Макрон аткарган жери, тартуу аянтчасындагы учурлар кошулган тизер France2 каналынын сайтына жарыяланган.

"Анын (Брижит Макрон —ред.) биздин сериалдын фанаты экендигин жакшы билчүбүз… анан биз менен бирге тасмада ойноону сунуштадык", — деп айтып берген актер Адда Абделли.

Сериалга Франциянын биринчи канайымы ачык көгүш түстөгү костюмчан тартылган. Бул кийими менен ал 2017-жылы 14-майда күйөөсү президент болгондо инаугурацияга чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0