Роналду камерага сүйлөп жаткан журналистти шылдыңдады. Видео

© REUTERS / ALBERTO LINGRIAИталиянын "Ювентус" клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду. Архив
Италиянын Ювентус клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Криштиану Роналду машыгуу алдында камерага сүйлөп жаткан журналистти байкап калып, аны туурап кирген.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Италиянын "Ювентус" клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду журналистти туураганын Р-Спорт агенттигине шилтеме берип жазды. 

Португалиялык спортчу камерага сүйлөп жаткан алып баруучуну байкап калып, аны туурап кирген.

​Роналду Мадриддин "Реал" клубунан "Ювентуска" 10-июлда өткөн. 33 жаштагы футболчу үчүн италиялык клуб 100 миллион евро төлөп берген. Футболчу "Реал" клубунда 2009-жылдан бери ойноп, Чемпиондордун төрт лигасын, Испаниянын эки чемпионатын, дүйнөлүк үч клубдук чемпионатты жеңген. Ал эми Португалия курамасында жүрүп 2016-жылы Европанын чемпиону аталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0