Пляждагы туристтердин үстүнө жар көчүп түштү. Жүрөк үшүн алган видео

© REUTERS / EUROKINISSIОбрушение скалы на греческом острове Закинтос
Обрушение скалы на греческом острове Закинтос - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жар көчкөн маалда пляжда жүздөгөн киши эс алып жүргөн.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Грециянын Закинтос аралында жар көчүп туристтерди басып калганын жергиликтүү ЖМКлар жазып чыкты.

Окуя кечээ, 13-сентябрда дүйнөдөгү эң кооз делген туристтик жайдагы пляжда болгон. Бул кырсыкты күбөлөр видеого тартып алууга үлгүргөн.

​Бир нече турист ооруканага жаткырылып, бирөөнүн омурткасы жабыркаган. Жалпы жонунан жети адам жаракат алганы айтылат. Дарыгерлердин билдиришинче бейтаптардын абалы канааттандырарлык. Жергиликтүү бийлик пляжга түшүүгө убактылуу тыюу салды. Кырсык болгон учурда тегерек четинде жүздөгөн киши эс алып жүргөн.

​Адистер мындай көчкү дагы башка жерлерде да болушу мүмкүндүгүн эскертип жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0