Шамал учуруп кетчүдөй түр көрсөткөн журналисттин түз эфирде калпы чыкты

© REUTERS / EDUARDO MUNOZАКШдагы "Флоренс" ураганы
АКШдагы Флоренс ураганы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Теле кызматкери "араң" турган учурда, артындагы адамдар жайбаракат өтүп бара жатканын көрүүгө болот.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Америкалык The Weather Channel каналынын журналисти "Флоренс" ураганы жөнүндө көчөдө маалымат берип жатып кылган аракети көрүүчүлөрдү таң калтырды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Twitter тармагынын Tony scar аттуу колдонуучусу жүктөгөн видеодо журналист аба ырайы жөнүндө айтып жатып, шамал учуруп кетчүдөй термелип араң турганын көрүүгө болот. Бирок бир нече секунддан кийин анын артынан эки жигит өтүп кетет.

​"Артындагы адамдар жеңил кийинген. Эч кандай шамал учурбай эле, жайбаракат кетип бара жатышат", — деп айтылат кабарда.

Мындан улам айрым интернет колдонуучулар журналистти сынга алып, калпычы атаса, башкалар муну жөн гана тамаша катары кабыл алды.

Жаан аралаш "Флоренс" ураганы АКШнын аймагына бир нече күн мурун келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0