Ирландский боец ММА Конор Макгрегор. Архивное фото

Макгрегор Instagram баракчасында Нурмагомедовду шылдыңдады

887
(жаңыланган 10:21 17.09.2018)
Эки мушкер 6-октябрда Лас-Вегаста UFC 229 турниринин алкагында беттешет.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Аралаш мушташ боюнча белгилүү болгон ирландиялык Конор Макгрегор социалдык тармак аркылуу келечектеги атаандашы Хабиб Нурмагомедовду шылдыңдаганын "Известия" басылмасы жазды.

Нурмагомедов өзүнүн Instagram баракчасына сүрөтүн жарыялап, ага "step by step" (акырындык менен) деп жазган.

Ага жооп катары Макгрегор дагы Instagram баракчасына видео чыгарып "Step by step you are getiing stepped on" (акырындык менен тепсендиде каласың) деп жазган.

Учурда Нурмагомедов UFC турниринин учурдагы чемпиону болуп саналат. Ал Макгрегор менен 6-октябрда Лас-Вегаста UFC 229 турниринин алкагында беттешет.

Белгилүү UFC мушкери Майрбек Тайсумов Нурмагомедов боло турчу мелдештин сүймөнчүгү болгону менен атаандашынын ар түрдүү чагымчыл аракеттерине маани бербей койгону жакшы экенин айткан.

Ирландиялык мушкер Конор Макгрегор буга чейин Хабиб Нурмагомедовдун атасы Абдулманапка карата да акарат келтирген билдирүүсүн Instagram баракчасына жазган болчу. Анда ал Хабиб Нурмагомедовдун атасын коркок жана жасалма сый-урматка татыктуу деп жазган.

887
Тема:
Хабиб Нурмагомедов менен Конор Макгрегордун беттеши (11)
Тема боюнча
Рамзан Кадыров Тимати менен Хабибдин тирешинен кийинки кепке чекит койду
Хабиб Нурмагомедов үй-жайсыз адамга жасаган мамилеси үчүн жемеге калды
Хабиб Нурмагомедов ирландиялык Конор Макгрегор менен күч сынашат
Пикирлер