АКШнын мурдагы президенти Рональд Рейгандын жашаган үйү сатылды

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүПрезидент США Рональд Рейган с супругой
Президент США Рональд Рейган с супругой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Архитектор Пол Уильямстын долбоору менен салынган үй 1938-жылы салынып, курулушка 12 800 доллар кеткен.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Рональд Рейган АКШнын президенти болуп шайланганга чейин 1940-1949-жылдары жубайы Жейн Уайман менен жашаган Лос-Анжелестеги үйү 6,45 миллион долларга сатылганын Известия басылмасы жазды.

Адвокаттар кеңешинин мүчөсү Мейил Бегилерова. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Радио
Бегилерова: үй сатып аларда Каттоо кызматынан текшертип алгыла
Маалыматка ылайык, Рейган бул үйдө актер болуп жүргөн кезинде жашаган. Кийин ал жубайы менен ажырашкандан кийин үй аялына калган. Уайман бул үйдө өмүрүнүн аягына чейин жашаган.

Архитектор Пол Уильямстын долбоору менен салынган бул үй 1938-жылы салынып, курулушка 12 800 доллар кеткен. Бул үй акыркы жарым кылымдан бери биринчи ирет сатыкка коюлган.

Үй эки кабаттуу болуп, төрт уктоочу бөлмөсү бар. Негизги уктоочу бөлмө экинчи кабатта жайгашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0