Гонконгдогу тайфундун кесепети видеодо

© REUTERS / Bobby YipПоследствия тайфуна "Мангхут" в Гонконге
Последствия тайфуна Мангхут в Гонконге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Мангхут" 2018-жылы болуп, өтө кооптуу деп бааланган 22чи тайфун.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Гонконгдо "Мангхут" тайфунунан жабыркагандардын саны 362ге жеткенин жергиликтүү RTHK телерадиокомпаниясына шилтеме берип РИА Новости жазды. 

​Тайфун шаарда жекшемби күнү жергиликтүү убакыт менен 17.00дө башталган. Ар кайсы жерде баш калкалоочу 48 борбор ачылып, ага 1219 адам чогулду. Гонконг шаарындагы аба майданында 889 авиакаттам токтотулду.

Буга чейин ЖМКлар ушул эле тайфун Филиппинге бүлүк салып, 59 адамдын өмүрүн алып кеткенин жазышкан.

"Мангхут" 2018-жылы болуп, өтө кооптуу деп бааланган 22чи тайфун. Метеорологдор жергиликтүү бийликке ар кандай өзгөчө кырдаалдарга даяр турууну сунуштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0