Трамп АКШнын тарыхындагы эң чоң кемчиликти атады

© Sputnik / Алексей Витвицкий / Медиабанкка өтүүАКШнын президенти Дональд Трамп. Архив
АКШнын президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Америкалык лидердин айтымында, Жорж Буш-кичүүсү чыгарган чечимдин айынан мамлекет жети триллион доллардан кур жалак калган.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Жакынкы Чыгышка Американын аскерлерин киргизүү АКШнын тарыхындагы эң чоң жаңылыштык болгон. Бул тууралуу президент Дональд Трамп Hill.TV телеканалына берген интервьюсунда билдирген. 

"Биздин өлкөнүн тарыхындагы эң чоң жаңылыштык — Жорж Буш-кичүүнүн демилгеси менен Жакынкы Чыгышта ишке ашкан аскерий кампания", — деди Трамп.

Ал ошондой эле Обама ал жактагы аскерлерди чыгарып кетүү менен дагы жаңылыштык кетиргенин кошумчалаган. 

Американын учурдагы лидеринин айтымында, АКШ Жакынкы Чыгыштагы кампанияга жети триллион доллар короткон. Анысы аз келгенсип канчалаган адамдын өмүрүн дагы алып кеткен. 

"Жарандык согушту түшүнсө болот. Жарандык согуш — бул жарандык согуш. Бул башка нерсе. Жакынкы Чыгышка биздин аскерлерди киргизүү өлкө үчүн пайдасыз чечим болгон", — деди АКШ президенти.

Браун университетинин маалыматына караганда, 2017-жылы АКШ эки согушка жана Пакистан менен Сириядагы аскерий аракеттерге 5,6 триллион доллар сарптаган. Ал эми Пентагондун эсеби боюнча бул сандар кыйла төмөндөтүлгөн — Ирак, Афганистан жана Сириядагы согуштук аракеттерге 2001-жылдан 2018-жылга чейин АКШ 1,52 триллион доллар короткон. 

Жаңылыктар түрмөгү
0