Окумуштуулар инсульттан сактануунун эң оңой жолун айтышты

© Sputnik / Табылды КадырбековПоражение дубов минирующим пилильщиком в Бишкеке
Поражение дубов минирующим пилильщиком  в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, Кыргызстанда 2017-жылы кан айлануу системасына байланышкан оорулардан ай сайын 1 миңден ашуун адам каза болгон.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Бир күндө жарым саат таза абада сейилдөө инсульт, инфаркт сыяктуу мээ, кан тамыр ооруларын алдын алууга жардам берет. Бул тууралуу Neurology журналына жарыяланган макалага шилтеме берип РИА Новости жазды.

"Таза абада сейилдөө мээни жана кан тамырларды ар кандай оорулардан коргойт. Кыймыл канчалык көп болсо, ошончолук кандын жүрүшү жакшырып, мээге кычкылтек оңой жетет", — деп айтылат макалада.

Сильный мороз в Минске - Sputnik Кыргызстан
Суук бөлмөнүн кан басымга кандай таасир берери айтылды
Мындай жыйынтыкка келүү үчүн Готенбург университетинин (Швеция) окумуштуулары бир нече жылдар бою инсультка кабылган 2300дөн ашуун оорулууну иликтеп көргөн. Аларды сурамжылаган учурда көпчүлүгү ден соолугу соо кезде аз кыймылдаганын айтышкан.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстанда каза болгон адамдардын басымдуу бөлүгү инфаркт менен инсульттан улам жашоо менен кош айтышаары аныкталган. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2017-жылы кан айлануу системасына байланышкан оорулардан ай сайын 1 миңден ашуун адам каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0