АКШ: мэр жылкысын жеп кеткен аллигаторду атып салды

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүКрокодил. Архив
Крокодил. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жуд Кохран атып алган аллигатордун сүрөтүн Facebook баракчасына бөлүшүп, досторунан жана башка колдонуучулардан түрдүү сын-пикирлерди уккан.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Американын Техас штатынын Ливингстон шаарынын мэри Жуд Кохран үч метрлик аллигаторду атып салган. Бул тууралуу Houston Chronicle сайты жазды.

"Бул аллигатор бир канча жыл мурун биздин пони деген атыбызды жеп кеткен. Мынча чоң неме аны жөн эле жутуп койсо керек", — деди ал.

Жуд атып алган аллигатордун сүрөтүн Facebook баракчасына бөлүшүп, досторунан жана башка колдонуучулардан түрдүү сын-пикирлерди уккан.

Жуд Кохран ошондой эле аллигатордун этинен тамак жасап, башын иш бөлмөсүнө илип аларын жана терисинен бут кийим тиктирерин жазган.

Жаңылыктар түрмөгү
0