Гол киргизгенине сүйүнүп чуркаган футболчу аңга түшүп кетти. Видео

© REUTERS / YIANNIS KOURTOGLOUИгрок швейцарского футбольного клуба "Цюрих" Беньямин Кололи во время матча Лиги Европы в кипрском городе Ларнаке между местным клубом АЕК и "Цюрихом"
Игрок швейцарского футбольного клуба Цюрих Беньямин Кололи во время матча Лиги Европы в кипрском городе Ларнаке между местным клубом АЕК и Цюрихом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Командалаштары Кололини аман-эсен алып чыгып, беттеш акыры жеңиш менен аяктады.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Швейцариялык "Цюрих" командасынын жаңы оюнчусу Беньямин Кололи беттеш маалында күтүлбөгөн окуяга туш богонун Sport Bible сайты билдирди.

Окуя Европа лигасынын алкагында Кипрдин Ларнака шаарныда өтүп жаткан мелдеште болду.

Италиялык Ювентус футбол клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду. Архив - Sputnik Кыргызстан
Криштиану Роналду оюндан четтетилгенден кийин ыйлап жиберди. Видео
​Экинчи таймда калыс атаандаштын дарбазасына пенальти белгилеп, швейцариялыктар тараптан мүмкүнчүлүк Кололиге буюрат.

Атаандаштын дарбазасына топту киргизе тепкен оюнчу күйөрмандарды көздөй чуркап бара жатып, алгач биринчи, андан соң экинчи тосмону аттап өтүп көз жаздымдан жок болуп кетет. Көрсө ал күйөрмандар футбол талаасына чыгып кетпеши үчүн казылган аңга түшүп кеткен экен.

Командалаштары аны аман-эсен алып чыгып, беттешти акыры жеңиш менен аякташты.

Жаңылыктар түрмөгү
0