АКШ грин-кард боюнча шарттарды күчөткөнү жатат

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүГорода мира. Нью-Йорк
Города мира. Нью-Йорк - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Америкада жылына 382 миңдей адам өлкөнүн аймагына кирип алгандан кийин гана бийликке кайрылат.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. АКШ бийлиги өлкөнүн аймагына буга чейин эле кирип, жашап жаткан мигранттарга грин-кард жана виза берүү тартиптерин күчөтүү боюнча демилге көтөрүп жатат. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Америка, кайыр кош! Бизди чөгөлөтө албайсың!". Эрдогандын билдирүүсү
Эми тиешелүү органдарга кайрылган мигрант мурда АКШнын аймагында социалдык колдоолорду пайдаланып жүрсө, ага мындан ары өлкө аймагында калууга уруксат берилбейт. Мисалы кандай колдоолорду десеңиз, алардын катарына Medicaid программасы аркылуу медициналык жардам алуу, тамактануу үчүн берилген талондор жана социалдык турак-жайларда жашоо кирет.

Маалыматка караганда, Америкада жылына 382 миңдей адам өлкөнүн аймагына кирип алгандан кийин гана бийликке кайрылат.

Бул токтомду Америка парламенти расмий кабыл албайт. Бирок коомдук талкууга коюлгандан кийин күчүнө кирди деп түшүнсө болору айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0