БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. АКШнын мурдагы президенти Барак Обаманын жубайы Мишель Обама Чикагодо жаштардын үйлөнүү үлпөтүндө алып баруучу болгонун TMZ порталы жазды.
Видеодон АКШнын мурдагы биринчи айымы жаштарга ант берүү учурунда сөз сүйлөп жатканын көрүүгө болот.Маалыматка ылайык, жаш жубайлардын ата-энеси жогорку кызматтарда иштейт. Баланын атасы Чикаго шаарынын мэринин орун басары болсо, кыздын апасы Барак Обаманын кеңешчиси негиздеген фонддо эмгектенет.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Тибеттик буддисттердин лидери Далай-лама өлкө башчылардын арасына аялдар көбүрөөк кошулса дүйнө жүзү коопсуз болот деп эсептейт. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Окумуштуулардын айтымында, аялдар табиятынан мээримдүү келет. Ааламда тынчтык болушу үчүн аялдар коомдо активдүү ролду ойноп, боорукерликти жайылтуу иши боюнча милдеттерди алышы керек. Дүйнөдө аял-жетекчилер бар. Алардын саны мындан да көп болсо дүйнө жүзү коопсуз болмок", — деген Далай-лама.
Ал жетекчилик кызматты эркектер аркалап, аялдар алардын көлөкөсүндө калган түшүнүк эскиргенин, мындай ойду өзгөртүү керектигин айткан. Бул үчүн аялдарга билимин тереңдетүүгө кеңеш берген.
Мындан тышкары, ал бир нече жыл мурун "эгерде Далай-лама институту улана берсе, келечекте Далай-лама аял болуп төрөлүшү мүмкүн" деп айткандыгын эске салды.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. АКШ президенти Жо Байден Россия лидери Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүп жатып, кесиптешин жакынкы айларда үчүнчү өлкөдө жолугушууга чакырды. Бул тууралуу Кремлдин маалымат кызматына шилтеме берип РИА Новости жазды.
Билдирүүгө караганда, сүйлөшүү АКШнын демилгеси менен уюштурулду.
Президент Байден Россия менен мамилесин турукташтырып, жакшыртууну максат кылганын айтты. Ал жакынкы айларда жолугуп, Россия менен Американын ортосундагы көйгөйлүү маселелерди талкуулоого чакырган.
"Байден Крым жана Украина менен чектешкен аймакта орус аскерлери күчтөндүрүлгөнүнө тынчсызданып жатканын айтып, бул өлкөнүн эгемендүүлүгү менен аймактык бүтүндүгүнө АКШ кызыкдар экенин кошумчалады. Мындан тышкары, "эгер Россия киберчабуул жана шайлоолорго аралаша турган болсо", Вашингтон өз кызыкчылыгын коргой турганын билдирди", — деп айтылат кабарда.
Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, Россия буга чейин деле АКШдагы шайлоолорго аралашпагандыгын айтып, айыптоолорду курулай жалаа жабуу деп баалап келгенин билдирди.
Лидерлер алдыда Афганистандагы кырдаал, Ирандын өзөктүк программасы, климаттын өзгөрүшү сыяктуу көйгөйлүү маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрү белгилүү болду.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Бир сутка ичинде өлкө боюнча коронавирус 240 кишиден табылып, 161 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Айыккандар:
Бишкек шаары – 118;
Ош шаары – 4;
Чүй облусу – 21;
Ош облусу – 4;
Нарын облусу – 2;
Ысык-Көл облусу – 8;
Жалал-Абад облусу – 3;
Баткен облусу – 1.
Жуктургандар:
Бишкек шаары – 133;
Чүй облусу – 85;
Ош облусу – 5;
Талас обулусу – 4;
Нарын облусу – 1;
Ысык-Көл облусу – 10;
Баткен облусу – 2.
Ушуну менен өлкө боюнча коронавирус жуктургандандан саны 90 839га жетсе, анын ичинен 86 313ү сакайып кетти.
Акыркы суткада коронавирустан Бишкек шаарынын эки тургуну каза тапты. Аларды кошкондо пандемия башталгандан бери Кыргызстанда вирустан көз жумгандардын саны 1534кө жетти.