Дарыгерлер чарчап калды деген ымыркай өлүкканадан "тирилди"

© Sputnik / Павел Львов / Медиабанкка өтүүВ Мурманске после капитального ремонта открылся роддом №1
В Мурманске после капитального ремонта открылся роддом №1 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бөбөктүн тирүү экени жуунтуп жатканда билингин.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Иранда дарыгерлер чарчап калды деп каттоодон өткөрүп, өлүкканага киргизип койгон наристе тирүү болуп чыкты. Бул туурасында РИА Новости жазат. 

ЦСМ №1 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте сегиз айлык боюнда бар аялга аборт жасаган акушер кармалды
Мындай окуя өлкөнүн батышындагы Урмия шаарында катталган. Ооруканада жаткан алты айлык бөбөктү дарыгерлер карап, анын тирүү экенин байкабай чарчап калды деген тыянак чыгарышкан.

Андан соң наристени өлүкканага жөнөтүшөт. Бирок анын денесин жууп жатканда ымыркай тирүү экени аныкталган. Шаардык Тажыя кызматынын башчысы Амир Аббас Абедининин айтымында, мындай окуя наристенин үй-бүлө мүчөлөрүнүн жакасын карматты. Алар абдан толкунданып маңдай жарыла сүйүнүшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0