Трамп: БУУнун сессиясында отургандар мени шылдыңга алып эмес, жай эле күлүшкөн

© Sputnik / Роман Махмутов / Медиабанкка өтүүЗаседание Генассамблеи ООН
Заседание Генассамблеи ООН - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Америка лидери БУУнун Генералдык ассамблеясынын 73-сессиясында кызматка келгенден берки жасаган иштери жөнүндө сөз кылган.

БИШКЕК, 27-cен. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Бириккен Улуттар Уюмунун Генералдык ассамблеясынын 73-сессиясында сүйлөп жатканда отургандар аны шылдыңдап күлбөгөнүн билдирди. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

"Алар менин үстүмөн күлгөн жок. Алар мени менен чогуу күлүштү. Баарыбыз шайыр отурдук", — деп түшүндүрдү Трамп.

Ал ошондой эле окуяга төмөнкүчө кененирээк түшүндүрмө берген.

АКШнын президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Трамп АКШнын тарыхындагы эң чоң кемчиликти атады
"Мен ар кайсы өлкөлөрдөн келген жана БУУнун өкүлдөрү катышкан жогорку даражадагы кесипкөй адамдардын алдына чыктым. Алардын көпчүлүгү кол чабууга, шайыр болууга анча жакын эмес инсандар. Мен кыжы-кужу үн уккандан кийин "Биздин өлкө болуп көрбөгөндөй күчтүү" дедим, күбүр-шыбыр үндөр кайрадан чыга баштаганда "бул чындык" дедим, отургандар күлдү, ошо", — деп кошумчалады Трамп.

Шейшемби күнү Америка лидери БУУнун Генералдык ассамблеясынын 73-сессиясында ал кызматка келгенден бери АКШда жасалган иштер менен өз сөзүн баштаган. Анда ал эки жылга жетпеген убакыт ичинде ага чейинки президентке караганда, көп нерсеге жетишкендигин билдирген. Ошол учурда отурумдун катышуучулары күлүп жиберген.

Трамп "мындай реакция күткөн эмесмин, бирок бул жакшы эле", деп оңтойсуз абалда калган. Ал өз сөзүн өлкөнүн экономикасы өсүп, жумушсуздук кыскарып жаткандыгын айтып уланткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0