Трамп: Ким Чен Ын экөөбүз аябай ынак болуп калдык

© AFP / ANTHONY WALLACE / POOLАКШ президенти Дональд Трамп жана Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын. Архив
АКШ президенти Дональд Трамп жана Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Трамп Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ынга болгон сезимдери тууралуу Батыш Вергиния штатынын эли менен жолукканда айтты.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен Сингапурда жолукканда, экөө "бири-бирин жакшы көрүп калганын" айтты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

"Барынан эмне кызык экенин билесиңерби? Алгач бири-бирибизге каар төгүп жүрдүк. Бирок жолуккандан кийин бири-бирибизди жакшы көрүп калдык. Кийин мен андан "керемет каттарды алдым", — деди Трамп Батыш Вергинияда эл алдына сүйлөп жатып.

Ошондой эле Трамп буга чейин АКШга Ким Чен Ындан кат келмек тургай, Американын мурдагы президенттери Кореяга телефон чалганда эч ким албай жүргөнүн кошумчалады.

Эске салсак, Дональд Трамп менен Ким Чен Ындын тарыхый жолугушуусу быйыл 12 июнда Сингапурда өткөн. Анда расмий Вашингтон эгер Түндүк Корея өзөктүк куралдан баш тартса, тынчтыкты кепилдей турганын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0