Индонезиядагы зилзаладан каза болгондордун саны 1200гө жетти. Жээнбеков көңүл айтты

© REUTERS / Antara Foto/Muhammad AdimajaЗемлетрясение в городе Палу в Индонезии
Землетрясение в городе Палу в Индонезии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жума күнү эртең менен Сулавеси аралында Палу шаарынан анча алыс эмес жерде магнитудасы 6,1ге жеткен жер титирөө болуп, бир аздан кийин кайтадан магнитудасы 7,4кө жетке жер титиреген.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Индонезиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 1,2 миң кишиге жеткенин Straits Times басылмасы билдирди.

Буга чейин каза болгондордун саны 832 киши экени маалымдалган.

Басылманын жазышынча 16,7 миң киши үйлөрүн таштап кетсе, 2,4 миллион киши гуманитардык жардамга муктаж.

Зилзалага байланыштуу Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Индонезиянын президенти Жоко Видодого көңүл айтты.

"Цунаминин кесепетинен көптөгөн адамдардын курмандыктарына жана кыйроолорго алып келген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Каза болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтуу менен, бардык жабыр тарткандардын тез арада айыгып кетүүсүн каалайм", — деп айтылат телеграммада.

Эске салсак, жума күнү эртең менен Сулавеси аралында Палу шаарынан анча алыс эмес жерде магнитудасы 6,1ге жеткен жер титирөө болуп, бир аздан кийин кайтадан магнитудасы 7,4кө жетке жер титиреген. Анын кесепетинен Палу шаарын бийиктиги 2 метрге жеткен цунами каптаган.

Зилзаланын кесепеттерин жоюу үчүн бир катар мамлекеттер гуманитардык жардам жиберишүүдө. Түштүк Корея бир миллион доллар, Еврокомиссия Евробиримдиктин атынан 1,5 миллион евро жардам берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0