ЖМК: кыз зордуктады деген Криштиану Роналдунун иши кайра карала баштады

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүПортугалиялык футболчу Криштиану Роналду. Архив
Португалиялык футболчу Криштиану Роналду. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Роналдунун жактоочулары жабырлануучуга 375 миң доллар төлөп, окуянын чоо-жайын ачыктабоону сүйлөшүп алгандыгы кабарланган.

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Португалиялык футболчу Криштиану Роналдунун америкалык кызды зордуктаганы боюнча иши кайра жанданды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги The Sun басылмасынын журналисти Жеймс Билдин Twitter баракчасындагы билдирүүсүнө шилтеме кылып жазды.

"Лас-Вегастын борбордук полиция департаменти кыз зордуктады деген Криштиану Роналдунун ишин кайра иликтей баштаганын тастыктады. Маалыматтарга ылайык, 2018-жылдын сентябрында футболчуга карата иш кайра ачылып, тергөөчүлөр жабырлануучу тарабынан берилген маалыматтарды изилдеп жатат", — деди Бил.

Египеттик футболчу Мохаммед Салах. Архив - Sputnik Кыргызстан
FIFA: Салах эң кооз гол киргизип, Модрич жылдын мыкты оюнчусу аталды
Жума күнү Spiegel журналы америкалык Кэтрин Майорга Роналду аны зордуктап койгонун айтып чыкканын жазды. Аталган басылма 2017-жылы дагы португалиялык футболчу 2009-жылы кыз зордуктаган деп айыпталганын кабарлаган. Spiegel маалымдагандай, 2010-жылдын январь айында Роналду тарап жабырлануучуга 375 миң доллар төлөп берген. Алардын сотко чейинки келишимине ылайык, тараптар окуянын чоо-жайын эч кимге айтпай, айыптоолорунан баш тартуусу керек болгон.

Кийин Роналдунун адвокаты жарыяланган макала үчүн Spiegel басылмасын сотко бере тургандыгын жар салган.

Жаңылыктар түрмөгү
0