Желим баштыктар. Архивдик сүрөт

Грузия желим баштыктарды колдонууга тыюу салды

130
(жаңыланган 22:46 04.10.2018)
2019-жылдан тарта бардык калыңдыктагы желим баштыктарды чыгарууга тыюу салынат.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Грузияда калыңдыгы 15 микрондон аз болгон полиэтилен баштыктарды чыгарууга, сатууга жана өлкөгө ташып келүүгө тыюу салган мыйзам күчүнө кирди. Бул тууралуу "Новости – Грузия" маалымат агенттиги билдирди.

Мындай аракеттер жаратылышты коргоого жана кирдетпөөгө багытталган.

Эми ар бир өндүрүүчү чыгарган ар бир желим баштыкка компаниянын атын жана логотибин жазууга милдеттүү.

2019-жылдан тарта бардык калыңдыктагы желим баштыктарды чыгарууга тыюу салынат. Тез жок боло турчу биобаштыктарды колдонууга гана уруксат берилет. Биобаштыктар топуракка түшкөндө 24 айдын ичинде жок болсо, полиэтилен баштыктар 100 жылга чейин жок болбойт. 

 

130
Белгилер:
баштык, мыйзам, тыюу салуу, Грузия
Тема боюнча
Бишкектин абасын эмне булгайт? Экотехинспекциянын жообу
Жайда башталган күз. Саргайган эмендердин санаага салган 11 сүрөтү

Футбол боюнча Европа чемпионатынын расмий ыры жаңырды. Видеоклип

13
(жаңыланган 12:18 14.05.2021)
Чемпионаттын расмий ырын голландиялык ди-джей Мартин Гаррикс, ошондой эле Ирландиянын U2 Bono жана The Edge рок тобунун мүчөлөрү аткарышты.

Трек We are the people ("Биз — элбиз") деп аталат.

"Жаңы ырымды (Боно жана Эдже катышкан) тартуулай турчу да күн келди. Ал быйылкы жылы өтүүчү футбол боюнча EURO турниринин расмий ыры болот", — деген Гаррикс.

2020-жылга белгиленген Европа чемпионаты коронавирус пандемиясынан улам 2021-жылдын жай айына жылдырылган болчу.

Европа биринчилигин 11-июндан тарта 11-июлга чейин континенттеги 11 шаарда өткөрүү пландалган. Ал үчүн Санкт-Петербург (Россия), Лондон (Англия), Севилья (Испания), Мюнхен Германия), Баку (Азербайжан), Рим (Италия), Бухарест (Румыния), Копенгаген (Дания), Амстердам (Нидерланддар), Глазго (Шотландия) жана Будапешт (Венгрия) шаарлары тандалган.

13
Белгилер:
клип, мелдеш, Европа чемпионаты, футбол
Тема боюнча
Кыргызстандык дзюдочу кыздар Азия кубогунда намыс талашат
Айдын тутулушу. Архив

Жакында "Супер Ай" толугу менен тутулат. Кубулушту кимдер көрө алат

70
(жаңыланган 10:11 14.05.2021)
Бул кубулуштун өзгөчөлүгү — Ай тутулганда спутник Жерге болушунча жакындап, Айдын шакекчеси адаттагыдан чоң болуп көрүнөт.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. "Супер Ай" толугу менен 26-майда тутулат. Бул тууралуу Москва планетарийи кабарлады.

Бул Айдын тутулушунун өзгөчөлүгү — Ай тутулганда спутник Жерге болушунча жакындап, Айдын шакекчеси чоң болуп көрүнөт. Планетарий 2021-жылдагы эң чоң Ай 26-майда байкаларын белгиледи.

Жер менен Айдын (перигей) ортосундагы бөтөнчө көрүнүштөр Бишкек убактысы боюнча саат 7:52де башталат. Бирок аны байкоо үчүн аба ырайы жакшы болушу керектиги белгиленди.

Ошол эле учурда жердегилер Айдын толук тутулганын көрө алышат. Бирок Time and Date сайтынын жазганына караганда, аны кыргызстандыктар көрө алышпайт. Айдын тутулуусу Түндүк Американын батыш жээгинде, Тынч океанда, Индонезияда, Австралияда, Азиянын чыгыш жээгинде, Сибирдин түштүк-чыгышында жана Ыраакы Чыгышта байкалат.

70
Белгилер:
Австралия, Индонезия, жер, ай
Тема боюнча
360°. РФ окумуштуулары космостун интерактивдүү картасын түзүп чыгышты
Спорттук комментатор, граундхоппер Бексултан Усеналиев

Усеналиев: граундхоппингге кызыгып дүйнөнү кыдыргандар көбөйдү

0
Спорттук комментатор, граундхоппер Бексултан Усеналиев өлкөдө граундхоппинг аркылуу футболдук стадиондорго барып, дүйнөнү кыдыргандардын саны көбөйүп жаткандыгын айтты.

Дүйнөнүн белгилүү граундхопперлери Кыргызстандагы футболдук беттештерге катышып, стадиондорду каттап кеткендер бар. Мындай пикирин Бексултан Усеналиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Усеналиев: граундхоппингге кызыгып дүйнөнү кыдыргандар көбөйдү

Анын айтымында, граундхопперлер футбол көрүп, стадиондорду гана каттабастан башка элдердин маданиятын, тарыхын өздөштүрүүгө жакшы мүмкүнчүлүк алышат.

"Граундхоппинг – футболдук саякаттын бир түрү. Бул түшүнүктүн максаты башка өлкөгө стадионго барып, футбол көрүп, ошол жерди каттоо дегенди билдирет. Бирок жөн гана стадионго кирүү эмес, ал элдин маданиятын, тарыхын өздөштүрүү мүмкүнчүлүгү бар. Демек, граундхоппинг аркылуу дүйнөнү кыдырса болот. Жалпак тил менен айтсак, стадиондорду коллекциялоо. Бул кыймыл Англияда пайда болгон. "Бристоль Сити" клубунун күйөрманы Англияда болгон 92 футболдук беттешке барып, стадиондорду белгилеген. Бул жетишкендикти каттоо максатында гезит ачып, ийгилиги тууралуу бөлүшкөн. Анын эрдигине суктанып, башкалар да стадиондорду кыдыра башташкан. Өлкөдө фанатизм маданиятына кызыккандар бул кыймылды жакшы түшүнөт. Кыргызстанда мындай адамдардын башын бириктирген уюм жок. Болгону "граундхоппер" деген тиркемени смартфонго көчүрүп алып, барган стадионду, оюнду, шаарды белгилеп каттап коёбуз. Бизде кыймылга активдүү катышкан 4-5 адам бар. Мисалы, Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионго дүйнөнүн кайсы өлкөлөрүнөн граундхопперлер келгендигин кароого болот", — деди Усеналиев.

Ошондой эле ал Кыргызстан европалыктар үчүн абдан кызыктуу өлкө деп эсептелерин кошумчалады.

0
Белгилер:
Бексултан Усеналиев, саякат, футбол
Тема боюнча
Жетим өсүп жетилген. Башкы стадионго аты берилген Дөлөн Өмүрзаков деген ким?