Швецияда жүрөк айланткан тамак-аштардын музейи ачылат

© Sputnik / Михаил Фомичев / Медиабанкка өтүүПлоды дуриана
Плоды дуриана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган музей 2019-жылдын февраль айына чейин иштейт.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Швециянын Мальмё шаарында курттаган сыр, чирип жаткан акула жана ачыган сельди балыгы сыяктуу азык-түлүктөр коюлган музей 2018-жылдын октябрь айынын аягында ачылат. Бул тууралуу The Independent басылмасы жазды.

Аталган музей 2019-жылдын февраль айына чейин иштейт. Андан сырткары, буканын жыныстык мүчөсү, сасык жыты бар дуриан жемиши сыяктуу тамактар коюлат.

Көргөзмөнүн уюштуруучуларынын бири Сэмюэл Уэсттин айтымында, мындай ыкма менен элге тамак-аштын ар түрдүүлүгүн көрсөтүү пландалган.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0