Кытай актрисасы салык төлөөдөн качып 70 млн. доллар айыпка жыгылды

© REUTERS / Stephane MaheКытайдын белгилүү актрисасы Фань Бинбин. Архив
Кытайдын белгилүү актрисасы Фань Бинбин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Актриса алган гонорары үчүн салыктарды толук төлөбөй келген.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Кытайдын белгилүү актрисасы Фань Бинбин салык төлөөдөн качканы үчүн 70 миллион доллар айыпка жыгылды. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды. 

Салык кызматкерлери актриса аз салык төлөө үчүн кош келишим түзөт деген маалымат тарап кеткенден кийин текшерүү иштерин баштаган. Фань Бинбин "Сынбаган эрк" ("Несгибаемый дух") тасмасына тартылганы үчүн 4,4 миллион доллар гонорар алган. Бирок салык төлөөгө келгенде гонорарынын үчтөн бир бөлүгүнө гана салык төлөгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0