ЖМК: Кытайда Интерполдун президенти бир жумадан бери байланышка чыкпай жатат

© AFP / ROSLAN RAHMANИнтерполдун президенти Мэн Хунвэй. Архив
Интерполдун президенти Мэн Хунвэй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык уюмдун башчысы дайынсыз болуп жатканын анын жубайы маалымдаган.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Кытайда жоголуп кеткен Интерполдун президенти Мэн Хунвэй изделип жатат. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Франциянын бийлиги иликтөө иштерин баштады.

"Мэн Хунвэй сентябрдын аягында Кытайга баргандан бери байланышка чыкпай жатат", —деп айтылат маалыматта.

ЖМКлардагы маалыматтарга караганда, Хунвэй Франциядан 29-сентябрда чыгып кеткен бойдон байланышка чыга элек. Интерполдун башчысынын дайынсыз болуп жатканын Лиондо жашаган жубайы кабарлаган.

Интерполдун башкы кеңсеси Лиондо жайгашкан. Мэн Хунвэй уюмду 2016-жылдан бери жетектеп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0