Финляндияда "кишинин эти даамданган" бургер жасашты

Жазылуу
Адаттан тыш тамакты жеп көрүү үчүн жүздөгөн киши келген.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Финляндиянын Хельсинки шаарынын тургундары "кишинин эти даамданган" бургер жеп көрүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.

Колуна бычак кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Негедир адамдын этин жегим келди... 90-жылдардагы үрөй учурган кылмыштар
Тамак саткан атайын машина Наринккатори аянтында "Тирүү арбак" ("Ходящие мертвецы") сериялынын промокампаниясынын алкагында иштеген.

Адаттан тыш тамакты жеп көрүү үчүн жүздөгөн киши келген. Аларга тамакты Женнифер Лопестин, Сара Жесика Паркердин жана Жонни Депптин жеке ашпозчусу болгон лондондук кулинар Том Вулф жасап берген.

"Кишинин эти" деп жасалган азыктын курамында уй, чочконун эти менен тооктун боору колдонулган. Мындай этти жегендердин айрымдары анын даамын чочконун, кээси тунец балыгына окшоштурушкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0