Адистер түгөйүң менен бактылуу жашоонун жөнөкөй сырын айтты

© AP Photo / Charlie RiedelПара в Канзас-Сити
Пара в Канзас-Сити - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай ыкма жаштарга эле эмес, улгайгандарга да пайдалуу экени айтылды.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Калифорния университетинин адистери түгөйлөр бири-бири менен жекелик түрдө эмес "биз" деп сүйлөшсө ортодогу жылуу мамилесин сактап, бактылуу жашай турганын аныкташкан. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Окумуштуу Меган Роббинстин айтымында, "биз" деген ат атоочту колдонуу адамдарды бири-бирине жакындатып, түгөйлөрдүн мамилесин жакшы жагына өрчүтөт.

"Бул сөз адамдарга болгон мамилени өзгөртүп коё алат. Ошону менен катар аларды жакындатып, ишенимди күчөтөт", — деп белгилешет адистер.

Мындай ыкма жаштарга эле эмес, улгайгандарга да пайдалуу экенин айтышкан. Ошону менен бирге эле казан-аяк кагышкан маалда "биз" деген сөздү колдонуу жаңжалды жайгарууга мүмкүнчүлүк берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0