Вьетнамда беш киши соцтармакка жазган билдирүүсү үчүн абакка кесилди

© AFP / SAUL LOEB Доступ к интернету в КР
Доступ к интернету в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматка ылайык, айыпталгандардын алды 15 жылга чейин эркинен ажыратылды.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Вьетнамдын соту беш кишинин социалдык тармакка жазган пикирин "өкмөткө каршы аракет" деп баалап, аларды 8 жылдан 15 жылга чейин абакка кести. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Amnesty International уюмуна таянуу менен билдирди.

Президент США Дональд Трамп - Sputnik Кыргызстан
Өзү го! Дональд Трамптын "эгизинин" видеосу
Уюмдун маалымдашынча, өткөн айда дагы сегиз кишинин аракети өкмөттүн ишмердигине каршы келет деген негиз менен абакка кесилген.

Ал эми август айында Вьетнамдын соту АКШнын эки жаранын бир катар терактыларды уюштурду жана өкмөттүн ишмердигине каршы келген аракеттерди жасады деп айыптап, 14 жылга эркинен ажыраткан. Андан башка дагы бир катар кишиге бийликти басып алууга аракет кылды деген айып тагылган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0