Германиянын 74 жаштагы мурдагы канцлери Герхард Шрёдер бешинчи жолу үйлөндү

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүФутбол. ЧМ-2018. Матч Республика Корея - Германия
Футбол. ЧМ-2018. Матч Республика Корея - Германия - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үйлөнүү тою Adlon мейманканасында жабык түрдө өткөн.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Германиянын 74 жаштагы мурдагы канцлери Герхард Шрёдер 5-октябрда Түштүк Кореянын 49 жаштагы тургуну Ким Со Ёнго үйлөндү. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.

Үйлөнүү тою Adlon мейманканасында жабык типте өткөн.

Кыргызстанда орточо эсептеги үйлөнүү тоюнун чыгымдары — 200 адамга эсептелген  салтанат - Sputnik Кыргызстан
Жылкы кымбаттады. Үйлөнүү тойдун быйылкы баасы канча?
Немис ЖМКларынын жазышынча Шрёдер менен Со Ён беш ай мурда эле никелешкен жана расмий салтанатын эми гана уюштуруп жатышат. Тойго Шрёдердин социал-демократиялык партиясынан санаалаштары — Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер жана мурдагы тышкы иштер министри Зигмар Габриэль, Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу жана башкалар келген. Айрым ЖМКлар бул тойго Россиянын президенти Владимир Путин дагы келе турганын жазып чыгышкан. Бирок президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков бул маалыматтарды четке какты.

Шрёдер төртүнчү аялы Дорис Шрёдер-Кёпф менен 2016-жылы ажырашкан. Ошентип мурдагы канцлер бешинчи жолу үйлөнүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0