UFC президенти: Нурмагомедовдун командасынын үч мүчөсү кармалды

© AP Photo / John LocherТурнир UFC 229 в Лас-Вегасе. Хабиб Нурмагомедов — Конор Макгрегор
Турнир UFC 229 в Лас-Вегасе. Хабиб Нурмагомедов — Конор Макгрегор - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалгандардын бири Зубайра Тухугов экени, эми анын уюм менен түзүлгөн келишими калыбына келгис болуп бузулары айтылууда.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. UFC президенти Дана Уайт UFC 229 турниринин башкы беттешинен кийин чыккан жаңжалдын кесепетинен Хабиб Нурмагомедовдун командасынын үч мүчөсү кармалганын маалымат жыйында билдирди.

"Хабибдин командасынын үч мүчөсү кармалды, азыр аларды алып кетишти. Эми айып тагылат", — деди Уайт.

Турнир UFC 229 в Лас-Вегасе. Хабиб Нурмагомедов — Конор Макгрегор - Sputnik Кыргызстан
Хабиб Конордун айласын кетиргенде. Кармаштын жана андан кийинки жаңжалдын видеосу
Кармалгандардын бири Зубайра Тухугов экени, эми анын уюм менен түзүлгөн келишими кайра калыбына келгис болуп бузулары айтылууда.

Эскерте кетсек, Хабиб Нурмагомедов менен Конор Макгрегордун уюмдун жеңил салмактагы чемпиону наамы үчүн өткөн беттешинен кийин массалык мушташ чыккан. Таймаш бүтүп, жеңгенин билгенден кийин россиялык мушкер октагондон секирип чыгып, көрүүчүлөрдүн бири менен алыша кеткен. Кийин Хабиб беделине шек келтирген Макгрегордун спарринг-өнөктөшү Диллон Дэниске атырылганы белгилүү болгон. Ал эми ошол маалда ирландиялык спортчу Нурмагомедовдун досу Зубайра Тухугов менен мушташып кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0