Конор Хабибдин жаңжалга катышкан балдарына каршы арыз жазуудан баш тартты

© AP Photo / John LocherТурнир UFC 229 в Лас-Вегасе. Хабиб Нурмагомедов — Конор Макгрегор
Турнир UFC 229 в Лас-Вегасе. Хабиб Нурмагомедов — Конор Макгрегор - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Турнирден кийинки массалык мушташта Нурмагомедовдун командасындагы үч бала полиция тарабынан камакка алынган.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Полиция Конор Макгрегор менен Хабиб Нурмагомедовдун беттешинен кийинки жаңжалда кармалган россиялык мушкердин өкүлдөрүн кое берди. Бул туурасында маалымат жыйында UFC уюмунун президенти Дана Уайт билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

Бүгүн Лас-Вегас шаарында өткөн UFC 229 турниринин алкагында россиялык Нурмагомедов ирландиялык Макгрегорду жеңип, чемпиондук наамын коргоп калды. Беттеш бүткөндөн кийин россиялык мушкер торду аттап барып жаңжал чыгарган. Массалык мушташта анын командасынын өкүлдөрү кармалган.

"Полиция мелдештен кийин кармалган үч кишини кое берди. Конор арыз жазуудан баш тартып, доомат кылуудан баш тартты", — деген Уайт.

Ошондой эле уюмдун президенти Нурмагомедовдун сый акысы маселе аягына чыкмайынча берилбей турганын айткан. Ал эми Макгрегорго эмгек акы которула турганын кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0