Отургучтар ыргып... Хабиб менен Конордун күйөрман кыздары мушташкан видео

© AP Photo / John LocherТурнир UFC 229 в Лас-Вегасе. Хабиб Нурмагомедов — Конор Макгрегор
Турнир UFC 229 в Лас-Вегасе. Хабиб Нурмагомедов — Конор Макгрегор - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күйөрмандардын мушташына аялдар дагы аралашып кетти.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Лас-Вегас шаарында Хабиб Нурмагомедов менен Конор Макгрегордун күйөрмандары спортчулар мушташа электе эле чатакташа баштаган. Уруштун видеосу Twitter тармагындагы баракчалардын бирине жарыяланды.

​Кадрларда көрүнүп тургандай, алгач эки эркек мушташа кетип, отургучтар ары-бери ыргыса, андан кийин аялдар да бири-бирин сумкалар менен ургулаган.

Кечээ, 7-октябрда, эки мушкер Лас-Вегас шаарында беттешип, россиялык спортчу жеңишке жеткен. Бирок таймаштан кийин спортчулар жана алардын тарапташтары ортосунда мушташ чыгып кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0