10 секундда жок болгон шаар-кыштактар. Индонезиядагы цунаминин видеосу

© REUTERS / DARREN WHITESIDEЗемлетрясение в городе Палу в Индонезии
Землетрясение в городе Палу в Индонезии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Цунами жер кыртышын жумшартып салган. Натыйжада сел турак жай, имараттарды, унаа менен бак-дарактарды жууп кетти.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. NBC каналынын YouTube-аккаунтунда Индонезияда болгон жер титирөө менен цунаминин кесепети чагылдырылган видео жүктөлдү.

Rach TV басылмасы Интернетке спутниктен тартылган кадрларды жайгаштырган. Анда зилзала 10 секунд ичинде Индонезиянын Палу шаарындагы Балароа жана Петобо райондорун тыптыйпыл кыйратып кеткени көрүнүп турат.

РИА Новости агенттигинин маалыматы боюнча кырсык жер кыртышын жумшартып салган. Натыйжада катуу ылдамдыктагы ылай сел турак жайларды, имараттарды, унаа менен бак-дарактарды жууп кеткен.

Люди в панике убегают от цунами — шокирующее видео из Индонезии - Sputnik Кыргызстан
Цунамиден жөө-жалаңдап качып... Индонезияда тартылган үрөй учурган видео
Куткаруучулар уранды алдынан 1 963 кишинин сөөгүн алып чыкты. Беш миңге чукул адам дайынсыз болууда, акыркы маалыматтар боюнча 150 миңден ашуун киши уранды алдында. Өлкө бийлиги Палунун жабыркаган аймактарын көрүстөн катары таанып, издөө иштерин токтотууга чакырып жатат. Маалыматта киши өлүмү өтө эле көп болгондуктан куткаруучулар келте жана холера ооруларын жуктуруп алышы мүмкүн экени айтылат.

Индонезиянын ыкчам кызматы издөө иштерин төртүнчү күнү токтотмокчу.

Эскерте кетсек, 28-сентябрда Индонезиянын Сулавеси аралынын жээгинде магнитудасы 6,1 жана 7,4кө жеткен эки жер титирөө катталып, андан соң Палу шаарын бийиктиги эки метрге жеткен цунами каптаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0