Окумуштуулар импотенцияга себепчи болгон генди тапты

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүКраевой центр лабораторных технологий в Краснодаре
Краевой центр лабораторных технологий в Краснодаре - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистердин маалыматы боюнча учурда 40 жаштан 70 жашка чейинки ар бир экинчи эркек сексуалдык мүнөздөгү оорулар менен жабыркайт.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. АКШлык генетиктер алгачкы жолу ДНКнын импотенцияга алып келчү бөлүктөрүн тапты. Бул тууралуу PNAS илимий журналына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Маалыматка караганда, ДНКнын бул бөлүктөрү өзүнчө эмес, ар дайым кайсы бир гендин ичинде жашынып "жашагандыктан", аны мурда табуу татаалыраак болуп келген.

"Ошондуктан окумуштуулар импотенциянын табиятын жана анын алдын алуунун жолдорун толук изилдей албай жүрүшкөн. Мындан улам илимпоздор эркектерге "жардамчы" катары ойлоп тапкан эң ийгиликтүү каражат виагра болчу. Бирок ал убактылуу гана таасир эптесе, эркекке психологиялык жактан жардам бербейт. Эми импотенция тууралуу кененирээк маалыматтар алынып, ага каршы таасирдүү дары-дармек жасоого дагы мүмкүнчүлүк түзүлөт", — деп айтылат маалыматта.

Окумуштуулардын маалыматы боюнча учурда 40 жаштан 70 жашка чейинки ар бир экинчи эркек сексуалдык мүнөздөгү оорулар менен жабыркайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0