Египеттин шайлоого келбеген миллиондогон тургуну эми айыпка жыгылат

© Sputnik / Файед Эль-Гезири / Медиабанкка өтүүПрезидентские выборы в Египте
Президентские выборы в Египте - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Март айында болгон шайлоого 35 миллионго жакын киши келбей койгон.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Египеттин улуттук шайлоо комиссиясы ушул жылдын март айында болгон президенттик шайлоого катышпаган тургундардын тизмесин Башкы прокуратурага берет. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги "Аль-Ватан" басылмасына таянуу менен билдирди.

Ага ылайык, шайлоого жүйөсүз себептер менен келбей койгон ар бир шайлоочуга 28 доллардан айып салынат.

"Шайлоо комиссиясы мыйзамды аткарууга милдеттүү. Айып салуу ыкмасы азыр эле киргизилип жаткан жок", — деген пикирин Улуттук шайлоо комиссиясынын башчысы Лашин Ибрагим айткан.

Март айында болгон президенттик шайлоого жалпысынан 60 миллион шайлоочу добуш бериши керек болсо, анын 34 миллион 823 миңи келбей койгон.

Учурда президент Абдель Фаттах ас-Сиси шайлоодо 22 миллион жарандын добушун алган. Бул өз кезегинде шайлоого келип добуш бергендердин 97 пайызын түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0