Британияда өз жанын кыюунун алдын алуучу министрлик пайда болду

Жазылуу
Улуу Британияда жыл сайын 4,5 киши өмүрүнө кол салгандыктан атайын мекеме түптөө муктаждыгы келип чыккан.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Улуу Британиянын премьери Тереза Мэй өмүрүнө кол салуунун алдын алуу министри кызматына Жаклин Дойлс-Прайсты министр кылып дайындады. Бул тууралуу маалымат өкмөттүн сайтына жарыяланды.

Лондон шаарындагы Хитроу аба майданы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Британиялык миллионердин кызы сендвич жеп, учактан каза болду
Жаңы министрликке 1,8 миллион фунт (2,3 миллион доллар) бөлүнөт. Улуу Британияда жыл сайын 4,5 киши өмүрүнө кол салгандыктан ушул багытта иштей турган мекеме түптөө муктаждыгы келип чыккан. Андан сырткары, 45 жашка чейинки эркектердин арасында өзүн өлтүрүү негизги көйгөй бойдон калып келет.

Белгилей кетсек, быйыл январда премьер Тереза Мэй жалгызчылык министри кызматын түзгөн. Статистикалык маалыматка ылайык, Англиянын 75 жаштан жогорку тургундарынын жарымы жалгыз бой.

Жаңылыктар түрмөгү
0