Быйылкы кыш кандай болот? Окумуштуулардын божомолу

© AFP / TOSHIFUMI KITAMURAТокио шаары. Архив
Токио шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik агенттиги америкалык жана европалык окумуштуулар быйылкы кышка кандай божомолдорду айтып жатканын билип көрдү.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. The Old Farmer's Almanac жана The Farmers" Almanac басылмалары ондогон жылдардан бери келе жаткан кыш кандай болору тууралуу өз божомолун жарыялап келет.

The Farmers' Almanac быйылкы кыш суук болуп, кар көп түшөрүн кабарлады. Маалыматка караганда, февраль эң суук айлардын бири болот.

Бир жума мурда дагы бир басылма The Old Farmer's Almanac өз божомолун жарыялаган. Алардын изилдөөсүнө ылайык, быйылкы кыш жеңил өтөт. Көпчүлүк өлкөлөрдө аба ырайынын температурасы нормадан жогору болот, кар аз жаап, жаан-чачын көп катталат.

Работа ООО Управляющая компания Влад-Дом в Первомайском районе Владивостока - Sputnik Кыргызстан
Бишкекке качан жылуулук бериле баштайт? Мэриянын жообу
The Old Farmer's Almanac планеталардын жайгашканына, айдын циклине, күндүн бетиндеги тактарга жана бүгүнкү күнгө чейин сыр катары сактап келе жаткан формуласын колдонуу менен аба ырайы божомолун аныктайт.

Ал эми алардын атаандашы The Farmers Almanac 200 жылдан бери аба ырайы божомолун астрономиялык жана математикалык көрсөткүчтөрдүн негизинде чыгарат.

Эки компания тең алардын божомолу 80 пайызга туура чыгат деп сыймыктанып келишет.

Ал эми британиялык ЖМКлар европалык белгилүү метеоролог Жеймс Мэддин сөзүнө таянып, быйылкы кыш 100 жыл аралыгындагы эң суук мезгил болорун жарыялап жатышат. Мэддин айтымында, Европа, Түндүк Америка жана Азия мамлекеттерин суук жана узакка созулган кыш күтүп жатат. Ноябрдан баштап суук түшсө, декабрда катуу суук башталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0