Өзбекстандын тунгуч президенти Ислам Каримовдун архивдик сүрөтү

Ислам Каримовдун эң биринчи колдонгон уюлдук телефону көрсөтүлдү

1848
(жаңыланган 10:32 14.10.2018)
Ал кезде мындай телефондун баасы 5 миң доллар болчу.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Өзбекстандын тунгуч президенти Ислам Каримовдун алгачкы уюлдук телефону Ташкенттеги Тарых музейге коюлду. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан агенттиги жазып чыкты.

Каримов ушул телефон менен 1992-жылы 26-августта биринчи жолу байланышка чыгып сүйлөшкөн.

Музейге коюлган аппарат Nokia компаниясынын 1987-жылы алгачкы ирет чыгарган Mobira Cityman 900 үлгүсүндөгү телефон. Гаджет 1987-жылы 9-апрелде Горбачевдин Финляндиянын борбору Хельсинки шаарынан Москвага чалган сүрөтү дүйнөгө тарагандан кийин элге белгилүү болуп калган.

Nokia Mobira Cityman 900 үлгүсүндөгү телефондун чыгышы өзгөчө жаңылык алып келген. Башка аппараттардын салмагы 5 килограммды түзгөндө, ал 760 грамм болуп чыгарылган. Сүйлөшүүдөн сырткары андан смс билдирүүлөрдү жиберүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Ошол кезде бул телефондун баасы 5 миң доллар болчу.

1848
Белгилер:
Ислам Каримов, Nokia, телефон, музей
Тема боюнча
Гитлер өзү колдонуп жүргөн телефон 243 миң долларга сатылды
iPhone уюлдук аппаратынын эң биринчи үлгүсү 24 миң долларга сатылып жатат
КМШ желектери. Архивдик сүрөт

Бишкекте КМШнын коопсуздук кызматынын өкүлдөрү жолукту. Эмне талкууланды

4
(жаңыланган 16:21 23.10.2021)
Кеңешмеде КМШ мамлекеттери террордук активдүүлүк күчөгөн аймактарга география жактан жакын экенин эске алуу менен бир нече багыт боюнча ишти улантуу зарылдыгын белгилешкен.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Бишкекте КМШга мүчө мамлекеттердин коопсуздук органдарынын, атайын кызматтардын жана укук коргоо органдардын өкүлдөрүнүн XI аймактык эксперттик кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын коопсуздук кызматынын өкүлдөрү менен КМШнын коопсуздук көйгөйлөр боюнча илимий изилдөө институтунун эксперттери катышкан.

"Жыйындын алкагында Афганистанда ички саясий кырдаалдын курчушунда Борбор Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөрдүн ыкчам абалынын өнүгүү өзгөчөлүктөрү боюнча пикир алмашуу болду. КМШ мамлекеттери террордук активдүүлүк күчөгөн аймактарга географиялык жактан жакын экени, андан улам элге терроризм идеологиясын жайылтуу, экстремисттик жана террордук  иштерге тартуу коркунучу жаралып жатканы айтылды", — деп жазылган маалыматта.

Иш-чаранын катышуучулары бир нече багыт боюнча ишти улантуу зарылдыгын белгилешкен:

  • Борбор Азиядагы террордук, экстремисттик уюмдардын жана мыйзамсыз куралдуу топтордун абалына жана ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн мониторинг боюнча маалымат алмашуу;
  • жан кечтилерди жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн аныктоо үчүн миграциялык агымдарды тактоо;
  • террордук мүнөздөгү кылмыштарды жасап, жазадан качкандарга мамлекеттер аралык издөө жарыялоодо координацияланган иш-чараларды жүргүзүү.
4
Белгилер:
УКМК, КМШ, коопсуздук, терроризм
Тема боюнча
Медетбеков: ЖККУнун аскердик окутуулары террордук уюмдарга белги болот
Аэропорттогу жүргүнчүлөр. Архив

Россиялыктар арасында бир апталык эс алууда Кыргызстанга келгиси келгендер бар

196
(жаңыланган 23:15 22.10.2021)
Россиядагы коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык абал оорлошуп кеткенине байланыштуу өлкө президенти Владимир Путин 30-октябрдан 7-ноябрга чейин дем алыш жарыялаган.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Россиянын саякаттоо сервиси боюнча анализ жүргүзгөн Туту.ру сайты алдыдагы бир апталык деп алышта жарандар кайсы мамлекеттерге көбүрөөк бара турганын жарыялады.

Россиянын жашоочулары 30-октябрдан тарта 7-ноябрга чейин барып келүүнү пландаган алдыңкы 10 мамлекеттин ичинде Кыргызстан дагы бар.

Россиялыктар барууну пландаган өлкөлөрдүн ондугу (эл аралык авиакаттамдарга билет алгандардын жалпы санынан пайыз менен бөлүп көрсөтүлөт):

  • Өзбекстан — 16,6 пайыз;
  • Армения — 14,1;
  • Түркия — 13,5;
  • Кыргызстан — 9,6;
  • Азербайжан — 6,6;
  • Молдова — 6,1;
  • Беларусь — 4,4;
  • Кипр — 3;
  • Казакстан — 2,8;
  • Египет — 1.

Эске салсак, Россиядагы коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык абал оорлошуп кеткенине байланыштуу өлкө президенти Владимир Путин 30-октябрдан 7-ноябрга чейин эс алуу жарыялаган. Ошондой эле ал абал жакшырбаса, дем алыштын мөөнөтү узартыларын кошумчалады.

196
Белгилер:
Россия, пандемия, эс алуу, билет, Кыргызстан
Тема боюнча
Россиялыктар коронавирустан улам 30-октябрдан 7-ноябрга чейин эс алмай болду
Москвада коронавирустан улам бир катар чектөөлөр кирди. Тизме