Рамзан Кадыров менен чеченстандыктар Нурмагомедовду кантип тосуп алышты. Видео

© AFP / Vasily MAXIMOVЧемпион UFC в легком весе Хабиб Нурмагомедов
Чемпион UFC в легком весе Хабиб Нурмагомедов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спортчуга кымбат баалуу автоунаа белек кылынды.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов Грозныйдын ардактуу жараны болду. Ал эми Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров спортчунун урматына салтанаттуу кечки тамак уюштурганын Р-Спорт жазды.

Хабиб Нурмагомедов Лас-Вегаста Конор Макгрегор менен UFC 229 турниринин алкагында беттешип жеңишке жеткен

"Мен кымбаттуу тууганым Хабиб Нурмагомедовдун урматына салтанаттуу кечки тамак уюштурдум. Бейшемби күнү ал мага конокко келди", — деп жазды Кадыров.

Нурмагомедов менен болгон жолугушууга чечендердин "Ахмат" спорт клубунун спортчулары да чакырылган.

Россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Акчам тамагыңарга тыгылып калбасын! Нурмагомедов UFC уюмун катуу сындады
Грозный шаарынын мэри Ибрагим Закриев Хабибге "Грозный шаарынын ардактуу атуулу" наамы берилгенин айтты. Андан сырткары, Кадыровдун буйругу менен спортчунун атасы жана машыктаруучусу Абдулманап Нурмагомедовго "Чечен республикасынын дене тарбияга эмгек сиңирген кызматкери" наамы ыйгарылды.

Рамзан Кадыров ошондой эле Хабиб Нурмагомедовго кымбат баалуу автоунаа белек кылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0