Быйыл жыл башынан бери канча журналист киши колдуу болгону айтылды

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүОткрытие выставки "Правда в объективе: вооруженные конфликты XX–XXI веков глазами военных журналистов"
Открытие выставки Правда в объективе: вооруженные конфликты XX–XXI веков глазами военных журналистов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖМК өкүлдөрү эң көп Афганистанда каза болгон.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. "Чек арасыз кабарчылар" эл аралык уюму Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысынын журналисттерди коргоо боюнча өкүлү болушу керек деп билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Алардын ырасташынча жыл башынан бери 56 журналист өлтүрүлгөн.

Случаи нападения на журналистов - Sputnik Кыргызстан
Жакалаганы аз келгенсип, таш менен уруп... КРде журналист запкы көргөн 6 окуя
"Чек арасыз кабарчылар" эл аралык уюмунун расмий сайтындагы маалыматка ылайык, 1-октябрга карата дүйнө жүзү боюнча 56 журналист өзүнүн ишмердигинен улам каза болгон. Ал эми 2017-жылы ЖМКнын 55 өкүлү киши колдуу болгон.

Журналисттердин көбү согуш болгон аймактарда каза болот.

Мисалы Афганистанда жыл башынан бери 13 журналист мерт кеткен. Андан кийинки орунда 5 журналисттин өлүмү менен Йемен турат. Пакистанда, Палестинада жана Сирияда экиден журналист өлтүрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0