Медициналык маска кийген кыз. Архив

Окумуштуулар суук тийгизип алган кишиден канча метр алыс туруу керектигин айтты

265
(жаңыланган 10:32 14.10.2018)
Иликтөөгө ылайык, эгер дене табы көтөрүлүп ооруп жаткан адам чүчкүрсө микробдору секундасына 4,5 метр ылдамдык менен эки метр аралыкка чейин жайылат.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Суук тийип ооруп жаткан кишиден инфекция жуктуруп албаш үчүн андан канча алыс туруу керектигин окумуштуулар аныкташты. Бул тууралуу Metro басылмасы жазды.

Иликтөөгө ылайык, эгер дене табы көтөрүлүп ооруп жаткан адам чүчкүрсө микробдор секундасына 4,5 метр ылдамдык менен эки метр аралыкка чейин жайылат. Ал эми ооруп жаткан адамдын дем алуусу аркылуу микробдор секундасына 1,4 метрлик ылдамдык менен тарайт.

Суук тийип ооруп калган адам алгачкы күндөн тарта эле айланасындагыларга микробдорду жуктура баштайт.

265
Белгилер:
Окумуштуулар, медицина, ден соолук
Тема боюнча
Усенов: коркуу сезимин психикалык оору катары көрбөй, өрчүтүп жиберебиз
Окумуштуулар импотенцияга себепчи болгон генди тапты
Пикирлер